Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Сүлүктүдөгү көмүр шахтада дагы бир адам набыт болду


Cүлүктү.
Cүлүктү.

Сүлүктү шаарындагы шахтада көмүр казып жүргөн 49 жаштагы жаран уранды астында калып каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, маркум бүгүн “Раимберди” шахтасында көмүр казып жаткан учурда уранды көчүп, басып калган. Кырсык түшкү саат экилерде болгон.

Каза тапкан адам Сүлүктү шаарынын тургуну. Анын сөөгүн куткаруучулар эки сааттан кийин алып чыгышты.

9-январь күнү да аталган шаардагы “Белес-1” шахтасында өз алдынча көмүр казып жүргөн 17 жаштагы уланды таш басып калып, набыт кеткен эле.

Сүлүктү шаары Баткен облусунда жайгашкан. Бул жерде көмүр шахтада кырсыкка кабылып, мерт кеткендер дээрлик жыл сайын катталат. (SE)

XS
SM
MD
LG