Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:05

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы парламенттин жанында болгон кош жардырууда 20 киши набыт кетти. Кеминде 45тей адам жарадар болгонун жергиликтүү полиция билдирди. Жабыркагандардын көбү жайкын тургундар жана парламенттин кызматкерлери эле. Калаба үчүн жоопкерчиликти “Талибан” кыймылы өз мойнуна алды. Бийлик курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүн деп боолголоодо.

DPA маалымат агенттиги жардыруучу заттар автоунааларга коюлганын кабарлады. Ушул эле күнү Ооганстандын Гилмент провинциясындагы теракттан жети киши өлүп, алты адам жарадар болду. Ал жактагы кандуу окуя уруу аксакалдарынын биринин үйүндө болгонун полиция маалымдады.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG