Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:05

Бакуда белгилүү блогер полиция тарабынан сабалды


Азербайжандык блогер Мехман Гусейнов.

Белгилүү азербайжандык блогер Мехман Гусейновду Бакунун Насимин райондук соту бир сутка кармагандан кийин бошотту. Гусейновду 9-январда кечке маал белгисиз адамдар уурдап кеткен.

Соңку айларда Мехман Гусейнов Азербайжандагы министрлер, депутаттар, олигархтар арасындагы коррупциялык иштер тууралуу видеобаяндарды жарыялап келген.

Анын эмгектери социалдык тармактарда талкуу жаратып жаткан.

Гусейновдун өзүнүн айтымында, 9-январда аны уурдап кеткендер башына баштык кийгизип, үч саат бутунан асып коюшкан.

“Абдан сабашты, мурдум кан жалады. Жаман сөздөр менен мазакташты”-дейт Гусейнов.

Ал эми анын адвокаты Эльчин Садыгов Гусейнов полицияга баш ийбей койду деген имиш менен камакка алынганын айтты.

Сот Гусейновго 200 манат (113$) айыппул салып бошотту.

Анын адвокаты Эльчин Садыгов соттун чечимине каршы доо арыз жазаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG