Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:17

Абдылдаев: Митинг шаар кеңешке басым кылуу максатында уюштурулган


Бишкек шаар кеңешинин алдындагы пикет.

Бишкек шаар мэрлигине талапкер Нурдин Абдылдаев мэриянын алдында экинчи талапкерди колдоп өтүп жаткан митингди сынга алды. Ал журналисттерге митингди бийлик уюштурду деген пикирин билдирди:

-Албек Ибраимовду колдогон митинг атайылап уюштурулган. Анын катышуучулары үн күчөткүчтөр аркылуу кайра-кайра кыйкырып жатышат. Менин тартип сакталсын деген эскертүүмө милиция да, мэриянын кызматкерлери да эч кандай жооп кылышкан жок. Мен бул митингди шаар кеңешинин депутаттарына басым кылуу аракети деп баалаймын.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңеш борбор калаанын башчысын шайлайт. Мэрликке эки талапкер: “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Нурдин Абдылдаев жана Социал-демократтар партиясы баштаган көпчүлүк коалициядан мэрдин милдетин аткаруучу Албек Ибраимов көрсөтүлгөн.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG