Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

УКМК тизмесиндеги студент Түркиядан үн катты


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Түркиядагы Самсун шаарында билим алып жаткан Тойчубек Акматали уулу президент Атамбаев тууралуу терс пикир жазганы үчүн УКМК тизмесине алынганы тууралуу маалыматка таң калды. Бул тууралуу учурда Түркияда билим алып жаткан студент өзү “Азаттыкка” маалымдады:

-Анча-мынча жаңылыктарды Фейсбукта бөлүшкөн экенмин. Ал кылмыш деп эсептелбесе керек. УКМК бизден чоң маселелерди карап, бизге окшогондор менен убактысын текке кетирбей эле койсо болмок.

Тойчубек Акматали уулу 3 ай мурун Түркия стипендиялары программасы менен келип, азыркы тапта Самсун шаарындагы Ондокуз Майыс университетинде мамлекеттик башкаруу бөлүмүндө магистратурада окуйт. УКМК төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаев ЖК депутаты Ирина Карамушкинага кат жазып, Фейсбукта президент Атамбаевге акаарат келтирген 45 киши аныкталганын маалымдаган. Алардын ичинен он кишинин аты аталган. Аталгандардын ичинде Түркияда окуп жүргөн дагы бир студент Даниэль Абдувалиев да бар. Ал да өзүнүн саясатка тиешеси жоктугун маалымдоодо. (EB/ZKo)

XS
SM
MD
LG