Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:43

Ак-Суулук тургун 15 кг марихуана менен кармалды


Кара куурайды жок кылуу (иллюстративдик сүрөт).
Кара куурайды жок кылуу (иллюстративдик сүрөт).

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ак-Суу РИИБдин баңгизаттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнө Каракол-Совхоз айылынын тургуну үйүндө ири өлчөмдө баңгизатын мыйзамсыз сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Аталган түзүмдүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында мыйзамсыз баңгизатын сактап жүргөн адамдын теги аныкталган. Андан соң, анын айылдын күн батыш жагында жайгашкан базасы текшерилип, 3 капка салынган өсүмдүк табылган.

Экспертизалык текшерүүнүн жыйынтыгында табылган өсүмдүк 15 кг марихуана болуп чыккан.

Бул окуя боюнча Ак-Суу РИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.(AsM)

XS
SM
MD
LG