Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:07

Тажикстанда никени мечит имамдары гана кыя алат


Тажикстандын Бадахшан облусундагы үйлөнүү тойдо тартылган сүрөт.
Тажикстандын Бадахшан облусундагы үйлөнүү тойдо тартылган сүрөт.

Тажикстанда мындан ары никени ар бир молдо эмес, мечит имамдары гана кыя алат. Ал эми бул эрежеге баш ийбеген молдолорго администртивдик айыппул салынат. Мындай чечим 10-январда Душанбеде өткөн өкмөт алдындагы Дин иштери боюнча комитеттин жыйынында кабыл алынды.

Комитеттин төрагасы Жумахон Гиёсов ар бир имам никесин кыйган түгөйлөрдү каттап турушу зарыл экенин белгиледи.

Комитеттин өкүлдөрү мындай кадамга өлкөдө чаржайыт нике кыюу өнөкөтү жайылып кеткендиктен улам барып жатышканын ырасташты.

Эксперттер мындай чара жашы жетелектер жана мурда никеси бар адамдардын ортосундагы нике кыйылышына бөгөт коет деп эсептешет.

Гиесов азыр молдолорго салына турган айыппулдун көлөмү караштырылып жатканын кошумчалады.Тажикстанда туугандар арасында да нике турууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG