2016-жылы Талас облусу боюнча 710 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 603 кылмыштын бети ачылган. Мындай маалымат Талас облустук ички иштер башкармалыгы 11-январда жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде айтылды.
Маалыматка караганда, оор жана өзгөчө оор кылмыштар - адам өлтүрүү, зордуктоо ж.б. облус аймагында өткөн жылы 50 кылмыш иши тергелип, анын 47синин бети ачылган. Анын ичинен тоноочулук боюнча облус аймагында 25 кылмыш иши тергелип, анын ичинен 24 кылмыштын бети ачылган. Уурулук фактысы боюнча облуста 242 кылмыш иши тергелип, 211 кылмыштын бети ачылган. Ал эми мал уурулук боюнча 53 кылмыш иши тергелип, анын 47синин бети ачылган.
Өткөн жылы облуста 755 кылмыш иши тергелген.
Анткен менен малын уурдаткандар облустагы ички иштер башкармалыкты ыкчам иштебейт деп сын айтып келет. (AlS)