Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

АКШ: Сенатта мамкатчылыкка көрсөтүлгөн Тиллерсондун талапкерлиги каралып жатат


Exxon Mobil компаниясынын мурдагы жетекчиси Рекс Тиллерсон.
Exxon Mobil компаниясынын мурдагы жетекчиси Рекс Тиллерсон.

АКШ Сенатынын Тышкы иштер боюнча комитетинде шайланган президент Дональд Трамп мамлекеттик катчылыкка сунуштаган Рекс Тиллерсондун талапкерлиги боюнча угуулар өтүп жатат.

Ал комитет мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып Орусия Крымды мыйзамсыз аннексиялап алганын билдирди. Анын айтымында, “Орусия дүйнөлүк аренада өз ордун издеп келет жана акыркы кезде америкалык кызыкчылыктарга каршы келген аракеттерге барды”.

Тиллерсон дүйнөдөгү терроризм менен күрөшүүдө Москва менен кызматташуу керектигин кошумчалады.

Ошондой эле Рекс Тиллерсон “Магнитский мыйзамын” колдоп, Украинага курал-жабдыктан жардам бериш керек деди.

Ал АКШнын мөөнөтү аяктап бараткан президенти Барак Обаманын администрациясын дүйнөдөгү “америкалык лидерликтен” баш тартканы үчүн сынга алды.

Exxon Mobil компаниясын жетектеп келген Рекс Тиллерсондун талапкерлигин Трамп 13 -декабрда АКШнын мамлекеттик катчылыгына көрсөткөн. Анын талапкерлигин Сенат бекитиши керек.

2014-жылга чейин Exxon Mobil орусиялык "Роснефть" компаниясы менен тыгыз кызматташып келген. 64 жаштагы Тиллерсон өзү да бир нече жолу Орусияда болгон. Маалымат каражаттары Тиллерсонду “Путиндин досу” деп атап келишет. Ал 1-январдан тарта Exxon Mobil компаниясынын башчылыгынан кеткен.

XS
SM
MD
LG