Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:50

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп президент Барак Обаманын саламаттыкты сактоо тармагын реформалоону көздөгөн Obamacare долбоорун артка чакыртаарын билдирди. Ал президент болуп шайлангандан берки алгачкы маалымат жыйынында бул долбоорду “алаамат” деп атап, министрлер кызматка киришери менен план иштелип чыгаарын, натыйжада Obamacare долбоору дароо алмаштырылаарын белгиледи.

“Бул долбоор демократтардын маселеси. Биз аны артка чакыртуу менен аларга жакшылык кылып жатабыз”,-деди Трамп.

Шайланган президент жаңы медициналык долбоору дагы арзаныраак жана сапаттуураак болоорун кошумчалады.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG