Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Трамп: Мексиканын чегине дубал кура баштайбыз


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Шайланган президент Дональд Трамп АКШ менен Мексиканын чегине дубал курулаарын шаршембидеги маалымат жыйынында кайра кайталады.

Ал мигранттардын агымын токтотот деп ишенген дубалга кеткен чыгымды Мексика төлөп берет деп белгиледи.

“Мексика менен келишим кабыл алынгыча күтпөйм. Мен мексикалыктарды жакшы көрөм. Бирок өкмөт өтө начар. Мексика АКШдан пайда көрүп жатат”,-деди Трамп.

Ал дубал курула берерин, кийин Мексика өкмөтү же салык же ар кыл төлөмдөр аркылуу чыгымды төлөп берерин кошумчалады.

Дональд Трамптын бул планы Мексиканын гана эмес, АКШ өзүндө сын-пикирлерди жараткан болчу.

XS
SM
MD
LG