Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 10:40

Түштүк Кореяда Samsung корпорациясынын вице-президенти Ли Чже Ён бийлик бутагындагы жемкорлукка байланыштуу суракка чакырылды. Reuters агенттиги тергөө маалыматына таянып билдиргендей, компания жетекчилиги өз пайдасы үчүн бийликти колдонгон деп айыпталып жаткан президенттин курбусуна каржылык көмөк көрсөткөн деп айтылууда.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, айыпталып жаткан аял абройунан пайдаланып өзү көзөмөлдөгөн фондго корпорациядан миллион доллар алган.

Президент Пак Кын Хе курбусун мамлекеттин ишине кийлигиштиргени үчүн декабрда өлкөдө нааразылык күчөгөн. Парламент мамлекет башчыга импичмент жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG