Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Мыйзамсыз курулуштар боюнча ыкчам штаб түзүлдү


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкек мэриясынын алдында мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Мындай чечим вице-мэр Бакытбек Дүйшембиевдин төрагалыгы менен өткөн жыйында кабыл алынганын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул маселеде акыркы кездери көп козголуп жаткан суроолорду чечүү максатында түзүлгөн штабга Мамлекеттик экотехинспекцияда, “Бишкек башкы архитектурасында” жана борбор калаанын райондук администрациясында, техникалык, инженердик кызматтарда иштегендер кирет.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, 2009-жылдан кийин Бишкекте жана Чүй облусунда 400дөн ашуун мыйзамсыз имараттар курулган. (SE)

XS
SM
MD
LG