Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Кыргызстанда “Көмүскө өкмөт” кыймылы түзүүлүдө


Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

Кыргызстанда “Көмүскө өкмөт” аттуу кыймыл түзүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулардын бири, “Таза Кыргызстан” партиясынын төрагасы Марат Иманкулов билдирди.

Анын айтуусунда, аталган кыймыл саясий олку-солкулукка жол бербөө максатын көздөйт. Терроризм, экстремизм жана бейпилдикке доо кетирүүчү башка күчтөргө байкоо салып, алдын алуу иштерин жүргүзүүдө мамлекеттик органдарга жардам беришмекчи.

-Биздин кийлигишүүбүз Конституция уруксат берген эрежелер менен гана жүрөт. Андан тышкары, болуп жаткан окуялар тууралуу коомчулукка ачык-айкын кабарлап турабыз.

Марат Иманкулов кыймыл мүчөлөрүнүн санына чектөө коюлбай турганын, ага жеке адамдар жана саясий топтор кирсе болорун билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG