Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Чыңгыз Жумагулов 18 жылга эркинен ажыратылды


Кылмыш дүйнөсүндө “Дөө” деген каймана атка ээ, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Жумагулов киши өлтүрүүгө катышкан, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, ээнбаштык кылган жана кылмыш тобун түзгөн деген айып менен соттолду. Ага карата өкүм 6-январда Биринчи Май райондук соту тарабынан чыгарылды.

Жумагуловдун адвокаты райондук соттун өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку инстанцияга кайрылмакчы.

2016-жылы апрель айында Бишкектин Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз бирөөлөр бишкектик тургундун автоунаасына ок чыгарышкан. Октон жаракат алган жаран ооруканага жеткирилип, аман калган.

Көп өтпөй милиция бул ишке Чыңгыз Жумагуловдун тиешеси бардыгын аныктап, издөө салган. Жумагулов 10-июнда кармалган.

Жумагулов буга чейин да бир нече ирет соттолгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG