Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:42

Ош шаарына улай жайгашкан Кара-Суунун Шейит-Дөбө участкасында түнкүсүн белгисиз бирөөлөр дөңгөлөктөр жана кыш менен жолду тосуп коюшкан. Аэропортко бараткан тургундар аны 12-январга караган түнү саат 02:00дөр чамасында көрүп милицияга кабарлашкан. Алар кабатыр болуп, сүрөткө тартып интернетке да жарыялап жиберишкен.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолду жаш балдар ойноп тосуп коюшу деле ыктымал. Шейит-Дөбөдөгү ошол күнү окуя орун алган жерде топ балдар ойноп жүрүшкөн.

Айрым маалыматтарга караганда, жол беш жеринен тосулган. Милиция кызматкерлери дөңгөлөктөр бир жерге гана коюлганын билдирүүдө. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG