Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:04

Шаардык кеңештин бүгүн алгачкы жыйыны болуп, анда жаңы шайланган депутаттарга мандат тапшырылды. Жыйынга “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика - Ата Журт”, “Ата-Журт” партияларынын шайланып келген депутаттары катышты. Ал эми Социал-демократтар менен “Кыргызстан” партияларынан шайланган депутаттар отурумга катышкан жок.

Жыйындын жүрүшүндө ага катышкан үч партия биригип, "Биримдик" аталышындагы коалиция түзүштү.

Айрым депутаттар бийликтин партиясы коалицияга кирбей калганына таарынып, сессияга келбей койгонун айтышууда.

КСДП менен “Кыргызстан” партиясынын депутаттары отурумга катышпоо себебин түшүндүрүшө элек.

Жалал-Абад шаардык кеңешинде КСДП 10, "Өнүгүү-Прогресс" партиясы 8, "Кыргызстан" 5, "Ата-Журт" 5 , ал эми "Республика Ата-Журт" партиясы үч мандатка ээ болгон.(RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG