Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:44

Акыйкатчы институту тергөө абагында кыйноолор болгонун иликтөөдө

Максат Кунакунов.
Максат Кунакунов.

 Аталган институтка УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан Алтынбек Жумагазиев коопсуздук кызматкерлери тарабынан кыйноолорго тушукканын маалымдаган. Акыйкатчы институту алдын ала түшкөн кайрылуу боюнча, УКМК тергөө абагында камалып жатышкан Максат Кунакунов менен Алтынбек Жумагазиевге жолугуп, алардын даттанууларын уккан.

“Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен кармалып турган Максат Кунакунов коопсуздук кызматкерлери өзүн кыйнаганын билдирген. Ошондой эле ал тергөө абагынын терезелеринде айнек жоктугун айтып даттанган. Акыйкатчы институту айнек маселеси боюнча тергөө абагынын жетекчилигине кайрылып, айнектер кармалып тургандардын өздөрүнүн коопсуздугу үчүн алынып салынганы тууралуу маалымат алган.

Ал эми Алтынбек Жумагазиев кармалгандан кийин коопсуздук кызматкерлери кыйноого алышканын айткан. Аны темир үстөлгө отургузуп, үстөл аркылуу электр тогун өткөргөнүн, тырмак алдына ийне сайып, желим баштык кийгизип кыйнап, кылбаган ишин мойнуна алдыруу аракеттери болгонун айтып даттанган. Ал өзүнө тагылып жаткан айыптар менен макул эместигин билдирүүдө.

Алтынбек Жумагазиев терроризмге жана башка кылмыштарга шектелип кармалган.

Бул дооматтар боюнча Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага кайрылуу жолдоду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG