Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Кыргызстанда 187 менчик мектеп бар


Сабак.
Сабак.

Аларда окуу акысы 10 миң сомдон 5 миң долларга чейин. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева бүгүн парламентте билдирди. Анын айтуусунда, менчик мектептер мамлекеттик билим берүү стандарты менен иштейт, ошол эле учурда өздөрү да кошумча предметтерди киргизе алышат. Менчик мектептер аккредитациядан 5 жыл сайын өтүп турушат. Мугалимдери аттестациядан өткөрүлөт.

Кыргызстанда жалпысынан 2218 мектеп бар. Менчик мектептердин көпчүлүгү Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жайгашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG