Франция бийликтери Косовонун мурдагы өкмөт башчысы Рамуш Харадинайды күрөөгө бошотту. Кийинчерээк сот Харадинайды Сербия бийликтерине өткөрүп берүү же бербөө чечимин кабыл алат. Ал жакта Харадинай аскер кылмыштарына айыпталууда.
Харадинай Косовонун көз карандысыз болушуна алып келген 1998-1999- жылдардагы куралдуу жаңжалда косоволук козголоңчулардын башында турган. Сербия аны этникалык сербдердин өлүмүнө айыптаган.
Харадинай өзү бул дооматтарды четке кагып келет. Ал 2005-жылы өз ыктыяры менен премьер-министрликтен кеткен. Анын ишин мурдагы Югославия боюнча Эл аралык трибунал караган. 2008-жылы Харадинай далилдердин жетишсиздигинен улам акталган. Эки жылдын кийин бул чечим жокко чыгарылып, кайра каралаган. Жыйынтыгында Рамуш Харадинай толук акталган.
48-жаштагы Харадинай 4-январда Сербия өкмөтүнүн суранычы менен Франциянын Кольмар шаарында кармалган.
11- январда Косовонун премьер-министри Иса Мустафа Харадинайдын камалышын “мыйзамдык негизи жок” деп мүнөздөп, француз бийликтерин аны бошотууга чакырган.