Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Статистика комитети былтыркы көрсөткүчтөр боюнча жыйынтык чыгарат

Улуттук статистика комитети бүгүн 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берет. Жыйын аталган мекеменин кеңсесинде өтөт.

Кыргызстан социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө улуттук өндүрүүдөн тышкары эл аралык донорлордун жардамын алып келүүдө. Маалыматтарга ылайык, тышкы карыз азыр 4 миллиард долларга жетип калды.

Серепчилер акыркы жылдары экономикалык көрсөткүч салыштырмалуу артка кеткенин белгилешет. Буга өлкөнүн өнөктөштөрү Орусия, Казакстан жана Кытайда экономикалык ишмердиктин жайлаганы себеп болууда. (SE)

XS
SM
MD
LG