Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Бишкекте «Эркиндик жана тилектештик форуму» өтөт


"Ата бейиттеги" монумент.
"Ата бейиттеги" монумент.

Иш-чара Бишкектин четиндеги “Ата бейит” мемориалдык комплексинде 16-январда өтөт. Анын жүрүшүндө адамдардын укугун сактоо боюнча талаптар камтылган Жарандык хартияга колтамга чогултуларын уюштуруучулар маалымдашты.

Катышуучулар бийликтин бардык бутактары адамдардын коомдук турмушка аралашуу укугу жаатындагы эл аралык конвенцияларды, макулдашууларды урматташы, аткарышы жана коргошу керектигигин талап кылышат.

Форумду Сөз эркиндигин коргоо комитети, “Бир Дүйнө - Кыргызстан” уюму, “Кылым шамы” коомдук фонду, “Азман” cтудиясы, “Республика” гезити жана Кинематографисттер бирикмеси, жарандык активисттер уюштурууда.

Кыргызстанда укук коргоочулар соңку кездери адам укугун бузган учурлар көбөйгөнүн, күч органдары “Фейсбуктагы” билдирүүлөргө чейин текшерүүгө киришкенин сындап жатышат. Бийлик болсо бардык аракеттер мыйзам чегинде экенин белгилейт. (SE)

XS
SM
MD
LG