Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:20

Саакашвилинин партиясынан чыккандар бирикме түзөт


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин “Бириккен Улуттук кыймылынын" алдыңкы мүчөлөрү партиядан чыгып, өз алдынча саясий бирикме түзөрүн билдиришти.

Парламенттин экс-спикери Давид Бакрадзе жаңы бирикме миллиардер Бидзина Иванишвили түзгөн бийликтеги "Грузия кыялына" каршы күрөштүн жаңы фазасын баштай турганын айтты.

"Бириккен Улуттук кыймылдын" парламенттеги 27 мүчөсүнүн 21и партиядан чыгарын жар салышты. Билдирүү кыймылдын 20-январга белгиленген жыйынын утурлай жасалды.

Михаил Саакашвили бийликке 2003-жылкы революциядан соң келген. Ал 2004-2013-жылдары Грузияны башкарып турду. Анын "Бириккен Улуттук кыймылы" 2012-жылдагы парламенттик шайлоодо "Грузия кыялы" партиясына утулуп калган.

Саакашвили 2015-жылы Украинанын Одесса облусунун губернаторлугуна дайындалганда Грузиянын жарандыгынан чыгарылган. Ал губернатор болуп 2016-жылдын ноябрь айына чейин турду.

XS
SM
MD
LG