Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 03:42

Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары 12-январда борбор калаа Дамаск шаарынын четинде уюштурулган жардыруудан бери дегенде жети адам набыт кеткенин кабарлады. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары обсерваториясы да окуя тууралуу билдирип, өлгөндөр саны сегиз киши экенин айтты. Бир канча адам оор абалда.

Маалыматтарга ылайык, жанкечти өзүн жардырган. Теракт уюштурулган Кафр Суса районунда бийлик өкүлдөрүнүн үйлөрү жана атайын кызматтын штаб кеңсеси жайгашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG