Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 15:11

“Санпа шейиттери” кыймылы Аскаровдун өмүр бою абакта калуусун талап кылууда


"Санпа шейиттерине" коюлган эстелик.

“Санпа шейиттери” кыймылынын мүчөлөрү 12-январда Жалал-Абад шаарында акция уюштуруп, 2010-жылкы июнь коогасы боюнча айыпталып, өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровдун жазасын өзгөртүүсүз калуусун талап кылышты. Уюмдун мүчөлөрү колдоруна “Мурдагы сот өкүмү өзгөрүүсүз калсын!”, “Улутчул Аскаровдун орду түрмөдө” деген жазуулар жазылган плакаттарды кармап, облустук акимчиликтин алдына пикетке чыгышкан.

“Санпа шейиттери” кыймылынын төрагасы Сырдаш Мамарасуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Азимжан Аскаров “акталат экен” деген айың кептер тараганы июнь коогасында жакындарын жоготкон адамдардын нааразылыгын күчөтүүдө.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылкы июнь коогасында жаңжал уюштурган, милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деген айып менен Жогорку Сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Өткөн жылы апрелде БУУнун талабы менен Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайлар боюнча мурунку өкүмдү жокко чыгарып, Аскаровдун ишин кайра Чүй облустук соту карай баштаган.

Чүй облустук соту 17-январда Аскаровго карата өкүм чыгарат деп күтүлүүдө.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG