Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Ошто мас болуп милицияга кол көтөргөн кызга кылмыш иши козголду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Шаардык милициянын ырасташынча, 13-январга оогон түнү Ош шаардык кайгуул милициясы шаардын Масалиев жана Абдыкадыров кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде Honda Accord үлгүсүндѳгү автомашинаны токтотууга аракет жасаган. Айдоочу токтобой качканда тартип сакчылары артынан кууп барып токтоткон.

Рулда отурган кыз мас экени аныкталып, документтерин талап кылганда өзүн ырчы жана журналистмин деп тааныштырып, документтерин берүүдөн баш тарткан. Айрым тааныштарын айтып, тартип сакчыларын опузалоого аракет кылган. Унаанын эшигин ачкан учурда, бийик такасы менен милиция кызматкерин тээп жиберип, анын кашы жарылган. “Кызматкердин кашы жарылып, медициналык жардам алды", деп маалымдайт Ош ШИИБнын басма сөз кызматы.

Өзүн ырчымын деп тааныштырган кыздын үстүнөн кылмыш иши козголуп, убактылуу камоочу жайда кармалууда.

Ички иштер кызматкерлери кыздын журналист эместигин аныкташкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG