14-январда Чүй, Ысык-Көл жана Нарындын айрым жерлеринде кар жаайт. Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерди туман басат. Жолдор тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -5...-10 күндүзү 0...-5 градус суук.
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2 градуска чейин жылыйт.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6 градус.
Нарында түнкүсүн -24…-29, күндүзү -15…-20 градус суук.
Бишкекте кар жаабайт. Түндө жана ишембинин таңында туман түшөт. Жолдорду муз каптап, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…-2 градус суук.