Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Сирия Израилди авиабазага урулган сокку үчүн айыптады


Авиабазага жасалган соккудан жабыркагандар тууралуу маалымдалган жок.
Авиабазага жасалган соккудан жабыркагандар тууралуу маалымдалган жок.

Сириянын өкмөттүк аскерлери Израилди Дамаскинин жака белиндеги башкы аскерий авиабазага абадан урулган сокку үчүн айыптап, жооп кайтарарын билдирди.

Сириянын мамлекеттик телекөрсөтүүсү маалымдагандай, 13-январда Дамаскинин түштүк-батышында жайгашкан Меззе базасынын аймагында Израилдин бир нече артиллериялык снаряды жарылган. Мындан улам базанын аймагында өрт тутанган. Жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.

Израилдин аскер өкүлү бул маалыматка комментарий берүүдөн баш тартты.

Сирия жаңжалынын жүрүшүндө Израил бир нече жолу шииттердин “Хезболлах” тобунун болжолдуу уюктарына сокку уруп келген.

XS
SM
MD
LG