Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:26

ТИМ: Орусияда жасалма документ бергендер көбөйдү


Сахороводогу миграция борбору. Москва.
Сахороводогу миграция борбору. Москва.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги мекендештерге кайрылуу жасап, тийиштүү документтерди элчиликтин консулдук бөлүмдөрүнөн гана алууну эскертүүдө.

Элчиликтин маалыматында соңку учурда Орусияда ар түрдүү документтерди тез арада, арзан баада бүтүрүп берүүнү убада кылган шылуундар көбөйдү. Мыйзамсыз аракеттерден оолак болуу үчүн элчиликке келип мөөр басылган, мыйзамдуу документтерди алууну сунушталды.

Элчилик кээ бир метролордо сатылып жаткан документтер жасалма экенин айтып, тийиштүү күч түзүмдөрү андай документтер үчүн ири айып салып, атүгүл мигрантты убактылуу кармоочу жайга камоо менен иш сотко өтүп кетип жатканын белгилейт. (SDz)

XS
SM
MD
LG