Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Кыргызстандык эркектер аялдардан көп эс алат


Кыргызстанда аялдарга караганда эркектер бир саат ашыкча эс алат. Бул көрүнүш шаарда да, элетте да бар экендиги Улуттук статистика комитетинин изилдөөсүндө маалым болду.

Белгилүү болгондой аялдар эркектерге салыштырмалуу көп убактысын үй тиричилигине сарптайт.

Бош убактысынын жарымынан көбүн кыргызстандыктар телепрограммаларды көрүүгө кетирет. Ошондой эле изилдөөдө эркектер орто эсеп менен үч саат сыналгы көрсө, аялдар эки жарым саат коротот.

Башка адамдар менен сүйлөшүүгө эркектер бир жарым саат кетирсе, аялдар бир саатка жетпеген убакыт коротот. Ал эми айыл-кыштакта жашагандар шаардыктарга салыштырмалуу күнүнө 21-22 мүнөт көбүрөөк башкалар менен сүйлөшөт.

Спорт жана башка эс алуунун түрлөрүнө кыргызстандык эркектер жумасына 2 саат 40 мүнөт сарптаса, аялдар бир саат аз жумшай турганы маалым болгон.

Статистика комитети кыргызстандыктар бош убактысынын төрт пайызын гезит, журнал, көркөм чыгармаларды окууга, ошондой эле бир пайыз убактысын театр, музей, концерт жана башка көңүл ачуучу иш-чараларга сарптай турганын эсептеп чыккан.(SDz)

XS
SM
MD
LG