Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

№27 абактагы жыйырмадай адам ачкачылык жарыялады


Иллюстрация
Иллюстрация

Бул тууралуу “Азаттыкка” абактагылардын жакындары билдиришти. Алардын айтымында, террорчулук жана экстремизм үчүн соттолгондорду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга тыюу салган мыйзамдан улам түрмөдөгүлөр тамактан баш тартышты.

Маалыматты Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтан да тастыкташты. ЖАМКнын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын билдиришинче, №27 колонияда 20 адам ачкачылык жарыялады, бирок алардын саламаттыгы көзөмөлдө турат. Сабатарова кошумчалагандай, абактагылардын негизги талабы - шарттуу түрдө алдын ала бошотуу болууда.

2016-жылдын августунда күчүнө кирген мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, террорчулук жана экстремизм менен соттолгондор өзүнчө кармалат жана мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулбайт.

№27 абак Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан. (SDz)

XS
SM
MD
LG