Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:34

Трамптын кеңешчиси санкция киргизилген күнү Орусияга телефон чалган


Майкл Флинн
Майкл Флинн

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын кеңешчиси кызматына талапкер болуп жаткан Майкл Флинн АКШ Орусияга санкция жарыялаган күнү беш жолу Москвага телефон чалган.

Reuters агенттигине келип түшкөн маалыматка ылайык, телефон чалуу киберчабуулдарга байланыштуу киргизилген санкциядан кийин, бирок Кремлдин жообу чыга электе болгон. Трамптын өкүлү бул маалыматты тастыктап, сүйлөшүүлөрдө санкциялар темасы козголбогонун билдирди.

Телефон чалуулар тууралуу маалымат америкалык аткаминерлердин тынчын алып, Трамптын жеңишине Москва көмөктөшкөн деген айыптоолорду дагы күчөттү.

Американын атайын кызматы 6-январда баяндама жасап, анда АКШдагы президенттик шайлоого Орусия хакерлер аркылуу кийлигишкенин жарыялаган. Чалгын кызматы киберчабуулду уюштурууга президент Путин өзү буйрук берген деген тыянакка келген. Кремл бул айыптоолорду четке кагып келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG