Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:18

Польшанын премьер-министри Беата Шидло баштаган өлкөнүн жогорку жетекчилери Польшага келген АКШнын аскерлерин жылуу тосуп алды. Аскер кызматкерлер 14-январь күнү кечинде НАТОнун планы боюнча өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө коопсуздукту камсыз кылуу үчүн келди.

Аскерлер менен жолугушуу салтанаты Польшанын Германияга жакын Жагань шаарында өтүп, өкмөт башчы Шидло аскерлердин келиши коопсуздукка чоң салым кошорун айтып, “силерди ондогон жылдар бою күтүп жаттык” – деди.

НАТОнун чечимине ылайык, Польшага 3,5 миң аскер жайгашат. Мындан башка миңге чукул аскер техникалары, "Абрамс" танктары, "Брэдли" аскердик унаалары жана "Ховитцер" артиллериялык орноткучтары Польшанын аймагында болот. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG