Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

Путин менен Трамп Рейкьявикте жолукпайт


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп алгачкы чет өлкөгө сапарында Орусия президенти Владимир Путин менен жолукпайт.

Ак Үйдүн жаңы администрациясынын пресс катчысы Шон Спайсер буга чейинки маалымат каражаттарындагы билдирүү чындыкка төп келбейт деди.

The Sunday Times басылмасы британиялык аткаминерлерге шилтеме жасап, Исландиянын борбору Рейкьявикте эки өлкө башчыларынын жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өтөөрүн маалымдаган.

Басылма сүйлөшүүнүн темасы өзөктүк куралданууну кыскартуу маселеси болорун да билдирген болчу.

Башка маалымат каражаттары, анын ичинде Bloomberg да Трамптын инаугурациясынан бир нече жумадан кийин болот делген бул сапар тууралуу кабар таратышкан.

Трамп 20-январда кызматына расмий киришет. Шайлоо кампаниясы учурунда ал Орусия, президент Путин менен мамилесин жакшыртарын бир канча жолу кайталаган.

1986-жылы АКШ менен СССРдин лидерлери Рейган менен Горбачев Рейкьявикте жолугушкан. Ал жолугушуу өзөктүк куралданууну кыскартуу аракеттерине чыйыр салган.

XS
SM
MD
LG