Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Президенттин учагы тумандан улам "Тамчыга" конду


Кыргызстандын президенти Атамбаев.
Кыргызстандын президенти Атамбаев.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчынын учагы 15-январда Кыргызстанга келди. Ал 5-6-январда Кытайга иш сапар менен барып, андан кийин кыска мөөнөттүү өргүү алган. Анын эмгек өргүүсүн бул өлкөдө өткөрөрү коомчулуктун сынына кабылган болчу.

Оппозиция "Атамбаев ашкере көп эс алып, эмгек өргүүлөрүнүн көбүн мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөрдө үй-бүлөсү менен өткөрөт" деп сындап чыккан. Президенттик аппарат болсо мамлекет башчысы Эмгек кодексинде белгиленген эс алуу мөөнөтүнүн чегинен чыкпаганын, кеткен чыгымдарды өзүнүн эсебинен төлөп келгенин айтып, анын иш жөндөмдүүлүгүнөн шек саноого негиз жоктугун билдирген.

Атамбаев өткөн жылы төрт жолу кыска мөөнөттө эс алган.

15-январда Бишкектеги катуу тумандан улам президенттин учагы Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропортуна конгону кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG