Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Премьер-министр авиакырсык болгон жерге барды


Кырсыктан кийин.
Кырсыктан кийин.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков авиакырсык болгон Дача айылына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, учактын кулашынан мерт кеткендер саны 32ге жетти. Алардын 28и кыргызстандыктар. Арасында балдар да бар. 20дан ашуун турак-жай зыян тартты. Окуяны атайын комиссия иликтеп жатат.

Өкмөт өкүлдөрү курмандыктар саны дагы көбөйүшү ыктымалдыгын билдиришти. Жабыркаган беш адам ооруканага жеткирилген.

Бүгүн, 16-январда эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап түшкөн. Кабарларга ылайык, Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылган. Учак “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык экени айтылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG