Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Учак кырсыгынын курмандыктары өсүшү мүмкүн


Кулаган учак.
Кулаган учак.

Бул тууралуу кырсык болгон жердеги “Азаттыктын” кабарчысы айтып берди. Маалыматка ылайык, кулаган учактын бөлүктөрү чоң аймакка чачыраган. Учактын куйругу менен шассиси 50 метр жерден ашык жерде жатат.

Учак кулаган үйлөр толугу менен кыйраган. Алардын астында да адамдардын сөөгү болушу мүмкүн экенин адистер айтышууда.

Учурда кырсык болгон жердеги өрт дагы деле өчүрүлүүдө.

Расмий маалымат боюнча, буга чейин 32 адамдын набыт болгону аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Бүгүн, 16-январда эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап түшкөн. Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" аба майданына конууга аракет кылган. Кырсыкка кабылган учак “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык экени кабарланган.

XS
SM
MD
LG