Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 23:24

Учак, унаа жана саякаттар боюнча изилдөөчү адис Жейсон Рабинович “Твиттерге” жазган маалыматтарга караганда, Чүй облусунда кырсыкка кабылган учак 13 жыл мурун чыгарылган. Алгач Сингапур авиакомпаниясында, андан Qatar Airways компаниясында учкан. Төрт күн мурда Turkish airlines колдоно баштаган. Бул маалыматтар азырынча аталган компаниялар тарабынан расмий бышыктала элек.

Алдын ала кабарларга ылайык, бүгүн Чүй облусунун Дача айылындагы авиакырсыкта 32ге киши мерт кетти. Алардын 28и кыргызстандыктар, төртөө экипаж мүчөлөрү. Набыт болгон арасында балдар да бар.

Окуяны атайын комиссия иликтеп жатат. Маалыматтарга караганда, 23 турак-жай зыян тартты. Курмандыктар саны дагы көбөйүшү ыктымалдыгы айтылууда. Жабыркаган беш адам ооруканага жеткирилген.

Бүгүн, 16-январда эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап түшкөн. Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылганы, “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык экени маалымдалган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG