Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Президент авиакырсыкта набыт болгондордун жакындарына көңүл айтты


Кырсыкта кыйраган үйлөр.

Президент Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Дача айылында авиакырсыкта мерт кеткен тургундардын жакындарына көңүл айтты. Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, аларга мамлекет тараптан бардык материалдык, каржылык жардам көрсөтүлөт. Жарат алгандардын дарылануусуна акча бөлүнөт.

Өкмөткө кырсыктын чоо-жайын дыкат иликтеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Бүгүн, 16-январда эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап түшкөн. Жыйырмадан ашуун турак-жай кыйрап, 34 киши көз жумганы кабарланды. Алардын 28и жайкын тургундар, төртөө экипаж мүчөлөрү. Набыт кеткендер арасында балдар да бар.

Алдын ала маалыматтарга караганда, “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык учак Гонконгдон Стамбулга баратып, май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылганда кулаган. (SE)

XS
SM
MD
LG