Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Авиакырсыкты иликтеген өкмөттүк комиссиянын курамы жарыяланды


Учак Дача айылындагы үйлөргө кулаган.
Учак Дача айылындагы үйлөргө кулаган.

Чүйдө отуздан ашуун адамдын өмүрүн алган авиакырсыктын чоо-жайын иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын курамы жарыяланды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык түзүлгөн комиссияны биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жетектейт.

Орунбасарлары - өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, транспорт жана байланыш министри Жамшитбек Калилов.

Мүчөлөрү: саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, ички иштер министри Улан Исраилов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү – Бактыбек Кудайбердиев.

Бүгүн, 16-январда эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап түшкөн. Жыйырмадан ашуун турак-жай кыйрап, 35 киши көз жумганы кабарланды. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы Дача айылында жашаган жайкын тургундар. Набыт кеткендер арасында балдар да бар.

Алдын ала маалыматтарга караганда, “Түрк аба жолдору” компаниясына таандык учак Гонконгдон Стамбулга баратып, май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылганда кулаган. (SE)

XS
SM
MD
LG