Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:30

Учак кырсыгын Эл аралык авиация комитетинин адистери иликтейт


"Манас" абамайданынын жанындагы авиакырсык.

Чүйдө ондогон адамдын өмүрүн кыйган авиакырсыкты иликтөө иштерине Эл аралык авиация комитетинин адистери да тартылат. Бул тууралуу биринчи-вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.

Өкмөт өкүлү кырсык учкучтун күнөөсү менен болушу ыктымалдыгын белгиледи. Анткени, катаал аба ырайына карабай, ошол күнү “Манас” аэропортуна 11 учак ийгиликтүү конгон.

16-январда эртең менен саат жети жарымдарда Гонконг-Стамбул багытындагы Боинг-447 учагы Чүйдүн Дача айылына кулап, 40 чамалуу адам набыт болду. Анын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. Учак Түркияга таандык.

Жабыркаган 11 киши ооруканада. Кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда. Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Министрлерден куралган өкмөттүк комиссия кырсыкты териштирип жатат.

Авиакырсыкка байланыштуу 17-январь – Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG