Орусиядан экономикалык санкцияларды алып салуу үчүн Дональд Трамп президент Владимир Путинге ядролук куралдарды кыскартууну сунуштайт. Бул тууралуу АКШнын шайланган президенти Британиянын The Timеs жана Германиянын Bild гезиттерине 15-январда жарыяланган маегинде билдирген.
Ал АКШ жана Орусия ядролук куралдарды өтө олуттуу кыскартууга барышын кааларын белгилейт. 20-январдан тарта АКШ президенттигине кирише турган Трамп Москванын Сириядагы жарандык согушка кийлигишүүсүн сынга алып, ал “өтө жаман гуманитардык кырдаалга” алып келди дейт.
Трамп НАТОну “эскирген уюм” катары баалап, анын террорчулукка каршы күрөшү натыйжалуу болбогону үчүн деп сындап келатат. Бирок ошол эле учурда НАТОну “мен үчүн маанилүү уюм” деп баалайт. Ошондой эле НАТО мүчөлөрү коопсуздукту камсыз кылууга жетиштүү каражат бөлбөй жатканын ырастап, мындай мамиле АКШга карата адилетсиздик экенин эскертет. Дональд Трамп “брекситти” колдоп, Германия канцлери Ангела Меркелди урматтарын, бирок ал мигранттарды документсиз киргизүүгө уруксат берүү менен “катастрофалык катачылык кетирди” деп билдирген.
Трамп Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү катары күйөө баласы Жерад Кушнерди дайындарын, Улуу Британия менен соода келишимине жетишүү үчүн Британия премьер-министри Тереза Мэй менен жолугушарын ырастаган. (AiT)