Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

"Манас" аэропортунда каттамдар жанданды


Авиакырсыкка байланыштуу каттамдарды убактылуу токтоткон “Манас” аэропортунан учуулар жанданды. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, эртең менен токтотулган каттамдар саат 13:30дан баштап уча баштады.

Бүгүн эртең менен Боинг-747 үлгүсүндөгү жүк учагы Чүй облусунун аймагында кулап, отуздан ашуун адам набыт кетти. Дача-Суу айылында жыйырмадан ашуун турак-жай кыйрады.

Көз жумгандардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары жайкын тургундар экени кабарланды. Арасында балдар да бар. Жабыркаган ондон ашуун адам ооруканада.

Маалыматтарга караганда, Гонконгдон Стамбулга бараткан туркиялык учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылган.

Окуяны министрлерден куралган өкмөттүк комиссия иликтеп жатат. Божомол боюнча, кырсыкка катаал аба ырайы себеп болушу ыктымал. Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG