Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:02

Пакистан аскер башчысы: террорчулардын “коопсуз жайлары” талкаланды


Ооганстан-Пакистан чек арасы.
Ооганстан-Пакистан чек арасы.

Генерал Камар Жавед Бажва бул тууралуу Ооган президенти Ашраф Гани менен 15-январда телефон аркылуу сүйлөшүүдө билдирип, Пакистанда террорчулар баш калкалаган жайлардын баары тазаланганын белгилеген.

Генерал Бажва эки өлкө чек арада көзөмөлдү күчөтүп, өткөрмө бекеттеринен жоочулардын өтүүсүнө чек коюуда кызматташуусу керектигине токтолгон.

Пакистан армиясынын маалымат катчысы генерал-майор Асиф Гафурдун айтымында, генерал Бажва жакында эле Ооганстанда орун алган теракттардын курмандыктары үчүн президент Ганиге көңүл айткан.

Ооган расмийлери Пакистан армиясы жана атайын кызматтары талиптерге жардам берүүдө деп айыптап келет. Исламабад өз кезегинде андай айыптарды четке кагат. Пакистан аскер башчысы Бажва Пакистан терроризмге каршы узак мезгилден бери күрөшүп келатканын айтып, анын учурунда жоочулар баш калкалаган жерлерин жоготконун белгилеген. (AiT)

XS
SM
MD
LG