Учак апаатынан курман болгондордун жакындарына жана жараат алгандарга көмөктөшүү максатында Ошто “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу кайрымдуулук акциясы уюштурулду. “Ош пирим” телерадиокомпаниясы уюштурган өнөктүктүн алкагында "Перити Коал", “Синьжи-Пирим”, “Улан- Чи”, “АзАлНас”, “ОшПирим-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун эмгек жамааты өздөрүнүн эки күндүк эмгек акыларын авиакырсыктан жапа чеккендерге жана алардын жакындарына жардам иретинде которот. Бул ишканаларда жалпысынан 450 жакын адам иштейт.
16-январда "Манас" аба майданынын жанындагы Дача айылына «Боинг 747-400» кулап, кырктай адам көз жумду. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандар жайкын тургундар. Каза тапкан кыргызстандыктардын баарынын тек-жайы аныкталды.
Учак Гонконгдон Стамбулга учуп баратып “Манас” эл аралык аэропортуна май куюу үчүн конуп жатканда кырсыкка кабылган. (ErN\SE)