Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:14

Авиакырсыкта жабыркагандарга спикердин фондунан 80 миң сомдон берилет


Кырсыкта жакынын жоготкондор.

Авиакырсыкта жабыркаган үй-бүлөлөргө Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун фондунан 80 миң сомдон берилет. Мындай чечим 17-январда кабыл алынганын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мурдараак өкмөт 70 миң сомдон, президент 100 миң сомдон берери кабарланган.

Андан тышкары Бишкекте жана башка аймактарда жөнөкөй жарандар, активисттер да гуманитардык жардамдарды чогултуп жатышат. Алматы шаарында атайын гумжардам түйүнү ачылган.

16-январда таңга жуук Боинг-747-400 Түркиянын жүк учагы Гонконгдон Стамбулга баратып, Бишкектеги “Манас” аэропортуна жакын Дача айылына кулаган. Кырсыктан кыркка жакын адам набыт болуп, жыйырмадан ашуун үйлөр кыйраган. Учак май алмаштыруу үчүн конууга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган.

Каза болгондордун төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары айыл тургундары. Көз жумгандар арасында балдар да бар. (SE)

XS
SM
MD
LG