Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

“Семетей” мейманканасында төрт үй-бүлө баш калкалоодо


Кырсыктан жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу.
Кырсыктан жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу.

Авиакырсыкта жабыркаган төрт үй-бүлөнүн 20 мүчөсү Бишкектеги “Семетей” мейманканасында 17-январдан бери баш калкалоодо. Башкы штабдын маалыматы боюнча, алардын он бири жаш балдар.

Алар үч маал ысык тамак менен камсыздалып, зарыл учурда медициналык жана психологиялык жардам алышууда.

16-январда эртең менен Боинг-747-400 үлгүсүндөгү жүк учагы Гонконгдон Стамбулга баратып, Бишкектеги “Манас” аэропортуна жакын Дача айылына кулаган. Андан 38 адам көз жумуп, 26сы жараат алды. Кыштактагы ондогон үйлөр кыйрады. Учак май алмаштыруу үчүн конууга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган.

Өкмөттүн чечими менен үйсүз калгандар “Семетей” мейманканасына жайгаштырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG