Эрик Бейшембиев Кыргызстандын Пакистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы бүгүн кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
2013-жылы Алик Орозов Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан кеткенден бери бул орун бош турган.