Маршка баратып кандай музыка угасың? Уюштуруучулар бул үчүн Spotify сервисинде өздөрү плейлист түзгөн. Анда Нобел сыйлыгынын лауреаты Боб Диландын дагы ырлары бар.
Демонстранттар аялдар укугун, аз улуттарды жана сексуалдык азчылыктарды коргоп сүйлөшүп, полициянын зомбулугун көз жаздымда калтырбоого чакырышат.
Жума күнү Трамптын инаугурациясынан кийин полиция Вашингтондо нааразылык акциясынын 200дөй катышуучусун кармады. Демонстранттар шаарда марш уюштуруп, жолдон дүкөндөрдүн жана автоунаалардын айнектерин сындырышкан.
Алар Трамптын глобалдык көйгөйлөр, аялдар укугу жана социалдык азчылык боюнча айткандарына каршы чыгышкан.
Трамтын президенттикке келишине нааразы болгондор Мексикада жана Европанын бир катар шаарларында акция уюштурушту.
Вашингтондогу аялдардын жүрүшүн колдогон акция Бишкекте да болуп өттү
“Эркиндик жүрүшү” деп аталган акция демократиянын баалуулуктары, адам укуктары, сөз эркиндиги, биримдик жана эркиндикти коргогон "Вашингтон аялдарынын маршын” колдоп уюштурулду.
Акциянын катышуучулары Уркуя Салиеванын эстелигинен борбордук Ала-Тоо аянтына чейин жөө басып барышты. Соңунда “Эркиндик жана тилектештик форумунда” кабыл алынган жарандык хартия жарыяланды.
Иш-чараны “Бир дүйнө Кыргызстан”, “Кылым шамы” бейөкмөт уюму, Сөз эркиндигин коргоо комитети жана башка жарандык активисттер уюштурду.
Ишемби күнү Вашингтондо “Аялдардын жүрүшү” өтөрү белгиленген. Бийликтин маалыматы боюнча, ага 100 миңге чейин киши катышуусу күтүлүүдө.