Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Вашингтондогу аялдар маршы

Вашингтондо Дональд Трамптын АКШ президенти болуп ишке киришкенине каршы миңдеген адам катышкан нааразылык акциясы өттү. Нааразылар арасында активисттер, саясатчылар, укук коргоочулар жана маданият ишмерлери болду. Акцияда актриса Скарлетт Йоханссон, режиссер-документалист Майкл Мур жана Вашингтон шаарынын мэри Мюриэл Боузер сүйлөштү.

03:26 22.1.2017

21-январда Вашингтондо жүз миңдеген адамдар “Аялдардын маршына” катышты. Бул марш Дональд Трамптын президенттик кызматка киришкен алгачкы күнүндө протесттин эл аралык өнөктүгүнүн кульминациясы болуп калды.

АКШнын борборундагы маршка тилектештигин билдирип, нааразылык акциялары дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө, жүздөгөн шаарларда өтүп, жалпы жонунан миллионго жакын адам катышты. Марш Бишкек, Сидней, Лондон, Париж, Братислава, Барселона, Приштина, Тбилиси, Прага шаарларында өттү. Маршка Москва жана Санкт-Петербург кошулган жок.

Дүйнө жүзү боюнча маршка солчул партиялардын активисттери, феминисттер жана “жашылдар” кыймылдары кошулуп, аялдардын укуктарын, энелерди жана коомдогу тең укуктуулукту коргоп чыгышты.

02:58 22.1.2017

Марштын дагы бир урааны: “Курал колдонулган зомбулук – аялдардын көйгөйү”.

02:42 22.1.2017

Вашингтондо өтүп жаткан Аялдар маршы.

02:38 22.1.2017

Маршта сөз сүйлөгөн ырчы Мадонна Дональд Трамптын шайланышын “караңгыдагы укмуш жаман бир учур” катары баалады. “Шайлоодо жакшылык жеңген жок, бирок акыр аягы жакшы болот”, - деди поп-жылдыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG